Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Атайын инженердик техникаларды сатып алуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК
2013-жылдын 30-сентябры № 396-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 76-б, 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) 2012-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Автожол техникаларын жана жабдууларын сатып алуу" долбоору боюнча Түркия Республикасынын кредитинен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен атайын инженердик техникаларды сатып алууга 2000000 (эки миллион) АКШ долларын бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түркия Республикасынын кредитинен бөлүнгөн 2000000 (эки миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага атайын инженердик техникаларды тиркемеге ылайык сатып алууга уруксат берилсин.
3. Атайын инженердик техникаларды сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 396-б буйругуна тиркеме
Атайын инженердик техниканын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 76-б, 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
№
Аталышы
Саны (бирдик)
1
Мингизме сүйрөгүч тралы менен, дөңгөлөктүн базасы 6x6, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тоннадан кем эмес
4
2
Каз тамандуу экскаватор, сузгучтун көлөмү 0,9 м3 кем эмес, кубаттуулугу 180 а.к. кем эмес
3
3
Бульдозер, кубаттуулугу 230 а.к. кем эмес, массасы 24 тоннадан кем эмес
3
4
Фронталдык жүктөгүч, сузгучтун көлөмү 3 м3 кем эмес
4
5
Автосамосвал, жүк көтөрүмү 25 тоннадан кем эмес, дөңгөлөктүн базасы 6x4, кубаттуулугу 336 а.к. кем эмес
11
6
Пневмадөңгөлөктүү экскаватор сузгучтун көлөмү 0,9 м3 кем эмес, кубаттуулугу 124 кВт кем эмес
4
7
Айкашма титиретип таптагыч, массасы 5 тоннадан кем эмес
2
Бардыгы:
31
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 396-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 17.06.2016 · № 328-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 76-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы 30-сентябрдагы № 396-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.03.2014 · № 76-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 02.06.2015 · № 340 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон