# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б (Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б (Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 394-р
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10357/edition/1148066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б (Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу (24.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210007

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 24-сентябры № 394-б Азыркы учурдун улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, эл аралык деңгээлде анын чыгармачылык мурастарын кеңири жайылтуу максатында "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча координациялык орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги юбилейлик иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө финансылык каражаттарды бөлсүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу

Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо

жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Талиева Камила Абдыразаковна

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев Султан Акимович

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Абдылдаев Эрлан Бекешович

\-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Турсунбеков Чыныбай Акунович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Самаков Карганбек Садыкович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Сариев Темир Аргембаевич

\-

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Лаврова Ольга Владимировна

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Садыков Канат Жалилович

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Султанов Калыкбек Иманалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич

\-

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Өмүркулов Иса Шейшенкулович

\-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Корчуева Эльнура Асылбековна

\-

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча);

Оторбаев Кубат Табылдиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Курманалиева Койсун Аблабековна

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кулматов Кубанычбек Кеңешович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эркебаев Абдыганы

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Нифадьев Владимир Иванович

\-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Айтматов Аскар Чыңгызович

\-

"Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форуму" фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Айтматов Эльдар Чыңгызович

\-

жазуучунун баласы (макулдашуу боюнча);

Ибраимов Осмонакун Ибраимович

\-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
