Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн учурдагы кемүүсүнүн ордун толтурууну боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 16-сентябры № 385-б Мамлекеттик социалдык милдеттенмелерди өз убагында каржылоону жүргүзүү максатында, Бишкек шаарында 2013-жылдын 4-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымеыз финансылык жардам көрсөтүү жөнүндо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Россия Федерациясы тарабынан берилген 20 (жыйырма) миллион АКШ доллары суммасындагы гранттык каражаттардын эсебинен 2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн учурдагы кемүүсүнүн ордун толтурууну жүргүзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын коптролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыпын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон