Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 10-сентябры № 377-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.