# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 360-б (Бажылык тариздоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 360-б (Бажылык тариздоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 360-р
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10324/edition/534294/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 360-б (Бажылык тариздоо боюнча) буйругу (06.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209974

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 6-сентябры № 360-б Боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын 2013-жылы Бишкек шаарында өткөрүлүшүнө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 19-главасына, 217 жана 239-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүнүн алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин делегациялары жана аларды коштоп жүргөн адамдар алып кирген товарларды, жабдууларды жана техникаларды бажылык тариздөөнү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, "убактылуу алып келүү" бажы режиминде, бажы төлөмдөрүнөн, салыктарынан жана жыйымдарынан толук бошотуу шарты менен жүргүзсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
