# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 711
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3015/edition/1257411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20997.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20997

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-декабры № 711 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылындагы 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесин, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылындагы 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомдоруна ылайык Күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 "Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

Мезгил

Ушул токтом күчүнө кирген учур - 2019-жылдын 31-декабры

2020-жылдын 1-январы - 31-декабры

2021-жылдын 1-январы - 31-декабры

2022-жылдын 1-январы - 31-декабры

2023-жылдын 1-январы - 31-декабры

Дүң, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн

92

103

114

125

136

Чекене, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн

101

112

123

134

145

".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы № 1 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого № 1 тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Салык кызматы органынын аталышы) 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_ акциздик маркаларды сатып алууга АРЫЗ-ЭСЕБИ (салык органы тарабынан толтурулат)

Салык төлөөчүнүн аталышы

Юридикалык дареги жана телефону

ИСН

№

Акциздик маркаланган продукциянын түрү

Марканын тиби

Сыйымдуулугу (маркада)

Идиштин сыйымдуулугу

Сатып алынган акциздик маркалардык саны

Алынуучу көлөм

Этил спиртинин курамы/ күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн)

Акциздик салыктын ставкасы этил спиртинин курамынан келип чыгат/ күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн) (сом)

Акциздик салыктын суммасы (сом)

Акциздик маркалардын номиналдуу наркы (сом)

Акциздик салык № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эсепке 20\_\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_ төлөм документине ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жазуу жүзүндө) сом суммасында төлөндү. Марканын номиналдык наркы № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эсепке 20\_\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ төлөм документине ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жазуу жүзүндө) сом суммасында төлөндү.

М.О.

Уюмдун жетекчиси:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу)

Башкы бухгалтер:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу)

(\*) марканын типтери: A - арак; C - коньяк; L - ликер-арак ичимдиктери; V - шарап; S - шампан; E - чыпкалуу сигареттер; F - чыпкасыз сигареттер.".
