# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 355-б (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 355-б (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 355-р
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10319/edition/538937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 355-б (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу (06.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209969

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 6-сентябры № 355-б Жылуулук электр станциялары үчүн отунду өз убагында даярдоо, 2013/2014-жылдагы жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомунун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Электр станциялар" ААК) 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы төмөндөгүдөй шарттарда берсин:

100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төлөөнүн мөөнөтү болуп 2014-жылдын 1-августу белгиленсин; ссуда - пайызсыз, күрөө камсыздоосун тариздөөсүз; төлөм мөөнөтү өткөрүлүп жиберилгендиги үчүн мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айып санкциясы белгиленсин;

- белгиленген тартипте аталган акционердик коом менен бюджеттик ссуданы кайтаруунун шарттары жөнүндө карыздык милдеттенмелер боюнча келишим түзсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо учурунда бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды эске алсын.

2. "Электр станциялар" ААКына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- бюджеттик ссуданы максаттык арналышы, боюнча - жылуулук электр станциялары үчүн отун даярдоого жумшоо;

- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кайтарууну камсыз кылуу.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
