Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 6-сентябры № 355-б Жылуулук электр станциялары үчүн отунду өз убагында даярдоо, 2013/2014-жылдагы жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомунун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Электр станциялар" ААК) 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы төмөндөгүдөй шарттарда берсин:
100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төлөөнүн мөөнөтү болуп 2014-жылдын 1-августу белгиленсин; ссуда - пайызсыз, күрөө камсыздоосун тариздөөсүз; төлөм мөөнөтү өткөрүлүп жиберилгендиги үчүн мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айып санкциясы белгиленсин;
- белгиленген тартипте аталган акционердик коом менен бюджеттик ссуданы кайтаруунун шарттары жөнүндө карыздык милдеттенмелер боюнча келишим түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо учурунда бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды эске алсын.
2. "Электр станциялар" ААКына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- бюджеттик ссуданы максаттык арналышы, боюнча - жылуулук электр станциялары үчүн отун даярдоого жумшоо;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кайтарууну камсыз кылуу.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.06.2013 · № 316 · Күчүн жоготкон