# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-августундагы № 328-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 424-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-августундагы № 328-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 424-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 328-р
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209946>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10296/edition/533768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209946.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-августундагы № 328-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 424-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү) буйругу (12.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209946

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 12-августу № 328-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 424-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Спорт оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети курорттук-рекреациялык мекемелердин арыздарын кароонун жыйынтыгы боюнча жыл сайын аймагында Спорт оюндары өтө турган курорттук-рекреациялык мекемени аныктасын.";

- Спорт оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кызмат орундары боюнча түзүлүүчү курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-августундагы № 328-б буйругуна тиркеме

"Спорт оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".
