# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 309-б (Ч.И.Ибраимова жанан И.П.Клименко боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 309-б (Ч.И.Ибраимова жанан И.П.Клименко боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 309-р
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209930>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10280/edition/533195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209930.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 309-б (Ч.И.Ибраимова жанан И.П.Клименко боюнча) буйругу (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209930

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 30-июлу № 309-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 129 «Ч.Ибраимова жөнүндө» Жарлыгына ылайык Ибраимова Чолпон Ибраимовна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулушуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 132 «И.П. Клименко жөнүндө» Жарлыгына ылайык Клименко Илья Петровичтин ушул кызматка дайындалышына байланыштуу: Кызгыз Республикасынын Финансы министрилиги белгиленген тартипте иш жүзүндө сарпталган чыгымдар боюнча төмөнкүлөрдү төлөп берсин:

- Ч.И. Ибраимованын Москва шаарынан Бишкек шаарына чейинки жол киресинин наркын жана жүгү менен мүлкүн ташып жеткирүү боюнча чыгымдарын;

- И.П. Клиенконун Бишкека шаарынан Москва шаарына чейинки жол киресинин наркын жана жүгү менен мүлкүн ташып жеткирүү боюнча чыгымдарын.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
