# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-июлундагы № 294-б (Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жана алардын аймактык бөлүнүштөрүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү жана ишке киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-июлундагы № 294-б (Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жана алардын аймактык бөлүнүштөрүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү жана ишке киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 294-р
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10266/edition/538870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-июлундагы № 294-б (Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жана алардын аймактык бөлүнүштөрүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү жана ишке киргизүү боюнча) буйругу (18.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209916

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 18-июлу № 294-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жана алардын аймактык бөлүнүштөрүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү жана ишке киргизүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы атайын бөгөт коюлган эсептеги каражаттын эсебинен төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында колдонулушу (пайдаланылышы) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен макулдашылган автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү үчүн жабдууларды, программалык-аппараттык комплекстерди жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча программалык каражаттарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сатып алууну, орнотууну жана андан ары иштетүүнү;

- Бишкек шаары боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын аймактык бөлүнүштөрүн Интернет тармагына биринчи кезекте туташтырууну.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдети аткаруучу

Ж.К. Оторбаев
