Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-07-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 8-июлу № 280-б "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун каржылоонун шарттары боюнча "Tebian Electric Apparatus Stock Co. Ltd" (ТВЕА) (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында:
1. "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорун каржылоонун шарттары боюнча "Tebian Electric Apparatus Stock Co. Ltd" (ТВЕА) (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2013-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорун каржылоонун шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын эске алып:
- Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкы ортосундагы "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоорун иштеп чыгышсын;
- Кредиттик макулдашуу долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкына табыштама даярдасын.
5. Ведомстволор аралык комиссия өз ишине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу деп белгиленсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 280-б буйругуна тиркеме
"Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун каржылоонун шарттары боюнча "Tebian Electric Apparatus Stock Co. Ltd" (ТВЕА) (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, депутат (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана кендерди пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, депутат (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктыгынын демилгеси боюнча байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын…Постановление · 17.05.2018 · № 2408-VI
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р