Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо жабдууларынын системаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 8-июлу № 278-б Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургундарын ичүүчү суу жана тазалоо жабдууларынын системасы менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо жабдууларынын системаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо максатка ылайык деп эсептелсин.
2. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо жабдууларынын системаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча тапшырыкчы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Турак жай-жарандык курулуш департаменти) аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бир жумалык мөөнөттө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо жабдууларынын системаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан кошо каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо жабдууларынын системаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди Ысык-Көл - Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын каражаттарынан кошо каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Турак жай-жарандык курулуш департаментине төмөнкүлөргө уруксат берсин:
- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо жабдууларынын системаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди каржылоого түшүүчү каражаттарды топтоо үчүн атайы эсеп ачууга;
- ушул буйрукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик сатып алууларды үчтөн кем эмес потенциалдуу подряддык уюмдардын коммерциялык сунуштарын алдын ала изилдөө жана салыштыруу аркылуу бир булактан алуу методу менен ишке ашырууга;
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон