Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясынын ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүүсү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 7-майы № 173-б Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясынын ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясынын ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жана Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясы, 2004-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алуу менен, илимде, техникада, билим берүүдө жана маданиятта тарыхый калыптанып калган өз ара тыгыз байланыштардан чыгып, бирдиктүү илимий мейкиндикти сактоого умтулуп, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуудагы мамлекеттер аралык кооперациянын максатка ылайыктуулугун таанып, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга умтулууну ырастап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар, макулдашуу боюнча, улуттук концепцияларды жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана аттестациялоого коюлуучу талаптарды иштеп чыгууда өз ара консультацияларды өткөрүп турушат. 2-берене. Тараптар: жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын өз ара максаттуу даярдалышын жана стажировкасын уюштурууга көмөктөшөт; илимий кызматкерлердин адистиктеринин тизмегин (номенклатурасын) иштеп чыгууда, макулдашуу боюнча өз ара консультацияларды өткөрөт; аттестациянын мамлекеттик системаларында окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө жана жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга коюлчу негизги талаптардын шайкештигин камсыз кылышат; аттестациялык комиссиялардын иши жөнүндө отчетторду, жогорку окуу жайларда жана илимий мекемелерде иштеген диссертациялык кеңештер, жыл ичинде корголгон диссертациялардын, анын ичинде Кыргыз Республикасында Тажикстан Республикасынын жарандары жана Тажикстан Республикасында Кыргыз Республикасынын жарандары коргогон диссертациялардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыган Тараптардын иши жөнүндө маалыматтарды дайыма алмашат. 3-берене. Бир Тараптын мамлекетинин илимий кызматкерлерин, стажерлорду, аспиранттарды, докторанттарды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана диссертацияларды даярдоо үчүн экинчи Тараптын мамлекетинин илимий уюмдарына жана жогорку окуу жайларына жиберүү кызыкчылыгы бар Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын ортосунда түз келишимге ылайык ишке ашырылат, аларда жиберүүчү жана кабыл алуучу уюмдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги аныкталат. 4-берене. Тараптар жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын аттестациясы жаатындагы кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрөт: бир Тараптын мамлекеттеринин изденүүчүлөрү тарабынан башка Тараптын мамлекеттеринин окумуштуулук даражаларды берүү боюнча кеңештеринде диссертацияларды коргоо үчүн бирдей шарттарды окумуштуулук даража берүүгө, окумуштуулук наамды ыйгарууга укук бере турган билими жөнүндө документтердин нострификациясына байланыштуу талаптарды эсепке алуу менен түзүү; жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системалардагы өзгөрүүлөр, ушул кадрлардын даярдалышы жана аттестациясы маселелери боюнча тийиштүү ченемдик актылар жана башка материалдарды алмашуу жөнүндө өз убагында өз ара маалымат берип туруу. 5-берене. Диссертациялык иштердин экспертизасынын сапатын жогорулатыш үчүн ар бир Тарап өз мамлекетинин илимий уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын көрүнүктүү окумуштууларынын жана адистеринин окумуштуулук даражаларды берүү боюнча башка Тараптын мамлекетинин кеңештерине катышуусуна көмөк көрсөтөт. 6-берене. Тараптар өз мамлекеттеринин аймагында башка Тараптын мамлекетинин тийиштүү мамлекеттик аттестациялык органдары тарабынан берилүүчү окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жана наамдарды берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү квалификациялык документтерди, Тараптардын мыйзамдарында белгиленген тартипте бул документтерди кайра аттестациялоо аркылуу таанышат. 7-берене. Тараптар жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо процессин башкаруунун тажрыйбасын алмашуу боюнча зарыл болгон, аны өркүндөтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылышат. 8-берене. Ушул Макулдашууга катышуу Тараптардын жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтыктын башка формаларын пайдаланууга Тараптардын укугун чектебейт жана түзүлгөн башка эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. 9-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу маселелер Тараптар ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен же болбосо башка макулдашылган жол-жоболордун жардамы менен чечилет. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзүнчө протокол менен таризделүүчү жана Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун 10-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет. 10-берене. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Макулдашууну колдонуу Тараптардын бири аны колдонууну токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдиргенден баштап алты айдан кийин токтолушу мүмкүн.
__________ шаарында 20__-жылдын "__" __________ ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы үчүн
Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясы үчүн Илолов М.И.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.