# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 149-б ("BDO" компаниясы менен "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутунду берүү тууралуу келишим түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 149-б ("BDO" компаниясы менен "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутунду берүү тууралуу келишим түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 149-р
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10234/edition/534902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 149-б ("BDO" компаниясы менен "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутунду берүү тууралуу келишим түзүү боюнча) буйругу (22.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 22-апрели № 149-б "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- бир жумалык мөөнөттө көз карандысыз "BDO" компаниясы менен "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутунду берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана келишим түзсүн;

- "2013-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан "Соттун жана башка соттук жол-жоболордун чечимдерин аткаруу" 26630-беренеси боюнча эксперттик корутунду берүү жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык "BDO" компаниясына акы төлөсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына. Банктарды өзгөртүп түзүү жана карыздарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча агенттикке (ДЕБРА), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына зарыл маалыматтарды алууда "BDO" компаниясына ар тараптуу көмөк көрсөтүү сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
