Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы гидрологиялык посттордо оңдоо-калыбьша келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 22-апрели № 148-б Суу ресурстарын баалоо үчүн керектүү, суу ресурстарын башкаруунун жана жөнгө салуунун маанилүү бөлүгү болгон гидрологиялык байкоолордун толуктугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында, Нарын облусунда: Нарын дарыясында -Чоц-Нарын жана Кичи-Нарын сууларынын куймаларында, Нарын шаарында; Жалал-Абад облусунда - Узун-Акмат суусунда - Уста-Сай суусунун куймасында, Чычкан суусунда - Бала-Чычкан суусунун куймасында муз каптоо кубулуштарынан жабыркаган гидрологиялык постторду ташкындар башталганга чейин толук калыбына келтирүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги вегетациялык мезгил башталганга чейин Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы гидрологиялык посттордо оңдоо-калыбьша келтирүү иштерин жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык жогоруда аталган гидрологиялык постторду калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептеги каражаттан 3 722 147 (үч миллион жети жүз жыйырма эки миң жүз кырк жети) сом финансылык каражат бөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.