# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 113-б (Жерүй алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 113-б (Жерүй алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 113-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10200/edition/585033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 113-б (Жерүй алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө боюнча) буйругу (09.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209850

---

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 октябры № 450-б буйругуна ылйык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 4-апрели № 113-б "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-пунктуна жана 24-беренесине ылайык, Жерүй алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө үчүн инвестицияларды тартуу максатында:

1. Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
