# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 100-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-мартындагы № 69-бж буйругу менен брондон чыгарылган аштык буудайдан алынган көлөмдөгү 1-сорт буудай унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 100-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-мартындагы № 69-бж буйругу менен брондон чыгарылган аштык буудайдан алынган көлөмдөгү 1-сорт буудай унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 100-р
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209846>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10196/edition/534218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209846.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 100-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-мартындагы № 69-бж буйругу менен брондон чыгарылган аштык буудайдан алынган көлөмдөгү 1-сорт буудай унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берүү тууралуу) буйругу (25.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209846

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-марты № 100-б Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-мартындагы № 69-бж буйругу менен брондон чыгарылган аштык буудайдан алынган 10 000 (он миң) килограмм көлөмдөгү 1-сорт буудай унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн унду Кара-Суу шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылына жеткирүүнү уюштурсун.

3. Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы Барак айылында жашаган үй-бүлөлөрдүн санын аныктасын, унду алуучулардын тизмесин түзсүн жаңа унду акысыз негизде даректүү берүүнү камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде төмөнкүлөргө керектүү акча каражат бөлүп берсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - мамлекеттик резервдин запасын толуктоого;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине -унду белгиленген жерге жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды компенсациялоо үчүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
