# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-мартындагы № 92-б (Оңдоо-куруу иштерин жүргүзүү, кызматтык автомашиналарды, эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-мартындагы № 92-б (Оңдоо-куруу иштерин жүргүзүү, кызматтык автомашиналарды, эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 92-р
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10195/edition/534216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-мартындагы № 92-б (Оңдоо-куруу иштерин жүргүзүү, кызматтык автомашиналарды, эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу тууралуу) буйругу (16.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209845

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 16-марты № 92-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына «Халык Банк Кыргызстан-Бишкек» ачык акционердик коомунун филиалындагы өздүк эсебинде бөгөттөлгөн 5 000 000 (беш миллион) сом суммасындагы акча каражаттарын аймактык бөлүмдөрү үчүн оңдоо-куруу иштерин жүргүзүү, кызматтык автомашиналарды, эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу үчүн колдонууга уруксат берилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
