# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-мартындагы № 105-б (Координациялык кеңеш түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-мартындагы № 105-б (Координациялык кеңеш түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 105-р
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10187/edition/534128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-мартындагы № 105-б (Координациялык кеңеш түзүү боюнча) буйругу (30.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209837

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 30-марты № 105-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясын жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык, Азия Өнүктүрүү Банкы каржылаган "Калыбына келтирүү жана реконструкция үчүн өзгөчө жардам" жана "Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү" долбоорлорун өткөрүп берүү боюнча иштерди координациялоо максатында:

1. Төмөнкү курамдагы Координациялык кеңеш түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

- "Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү" долбоорун башкаруу офисинин директору (макулдашуу боюнча).

2. Координациялык кеңеш бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- долбоорлорду башкаруу боюнча бириктирилген бөлүмдүн түзүмүн түзүүнү;

- долбоорлордун документтерин, архивдик материалдарын жана материалдык-товардык баалуулуктарын өткөрүп берүүнү;

- долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашырууну.

3. Бул буйруктун аткарылгандыгын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
