# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б (Мамлекеттик менчиктин обьекттерин өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б (Мамлекеттик менчиктин обьекттерин өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 95-р
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10181/edition/693352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б (Мамлекеттик менчиктин обьекттерин өткөрүп берүү боюнча) буйругу (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209831

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 18-марты № 95-б (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2123-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу жана мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- Жалал-Абад облустук прокуратурасына - Жалал-Абад шаары, Нефтичилер көч., 3 дарегинде жайгашкан, аянты 19891,4 чарчы метр жер тилкесин жана андагы турак эмес жайларды (ИК 3-10-02-0024-1243).

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Жалал-Абад облустук прокуратурасы:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алышсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттер боюнча болуп жаткан сот талаштарына мындан ары катышууну камсыз кылышсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди күтүү боюнча чыгымдарды тиешелүү жылга карата бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде каржылашсын;

- жыл сайын ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго маалымдашсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
