Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик менчиктин обьекттерин өткөрүп берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 18-марты № 95-б (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2123-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу жана мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- Жалал-Абад облустук прокуратурасына - Жалал-Абад шаары, Нефтичилер көч., 3 дарегинде жайгашкан, аянты 19891,4 чарчы метр жер тилкесин жана андагы турак эмес жайларды (ИК 3-10-02-0024-1243).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Жалал-Абад облустук прокуратурасы:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алышсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттер боюнча болуп жаткан сот талаштарына мындан ары катышууну камсыз кылышсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди күтүү боюнча чыгымдарды тиешелүү жылга карата бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде каржылашсын;
- жыл сайын ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго маалымдашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 23.12.2015 · № 627-р
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2123-V "2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү…Постановление · 27.06.2012 · № 2123-V
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.