Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Австрия Республикасынын Айыл, токой чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарынын федералдык министрлигинин ортосундагы Айыл чарба тармагында өз ара кызматташуудагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбооруна макулдук берүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 14-марты № 89-б Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Австрия Республикасынын Айыл, токой чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарынын федералдык министрлигинин ортосундагы Айыл чарба тармагында өз ара кызматташуудагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Австрия Республикасынын Айыл, токой чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарынын федералдык министрлигинин ортосундагы Айыл чарба тармагында өз ара кызматташуудагы өз ара түшүнүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары Өнөктөр деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Австрия Республикасынын Айыл, токой чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарынын федералдык министрлиги айыл чарба тармагында тең укуктуу жана өз ара пайдалуу шартта кызматташууну өнүктүрүүнү каалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-берене. Өнөктөр чарбакер субъекттердин жана башка уюмдардын азык-түлүк жана айыл чарба тармагында кызматташуусуна өбөлгө түзүшөт жана аны колдошот. Бул Меморандумдун негизиндеги кызматташтык Өнөктөрдүн мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 2-берене. Өнөктөрдүн ортосундагы кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- соодалык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жардамдашуу;
- эксперттердин Өнөк мамлекеттерде айыл чарба тармагында стажировкадан өтүүсү жана адистердин окутулушу жолу менен тажрыйба алмашуу;
- айыл чарба, айрыкча органикалык айыл чарба боюнча алдыңкы технологияларды алмашуу, консультациялык кызмат көрсөтүү;
- Өнөктөрдүн айыл чарбалык көргөзмөлөргө катышуулары;
- темалары айыл чарба жана азык-түлүк маселелерине байланышкан илимий жана экономикалык иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
- айыл чарбага жана азык-түлүккө тиешелүү болгон укуктук нормалар жөнүндө маалымат алмашуу.
3-берене. Өнөктөр бул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу маселесин дипломатиялык жолдор аркылуу макулдашышат. 4-берене. Айыл чарба тармагындагы биргелешкен изилдөөнүн натыйжаларын же ушул Меморандумдун алкагындагы башка маалыматты Өнөктөрдүн эч кимиси экинчи Өнөктүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка бере албайт же башка максаттарга пайдалана албайт. 5-берене. Ушул Меморандумдун 2-беренесинде айтылган жоболорду ишке ашыруу үчүн өз ара барыш-келиштерди, окуу турларын жана эксперттерди алмашууну ишке ашырууда эгерде Өнөктөрдүн ортосунда башкача макулдашылбаса, ушул Меморандумдун алкагындагы ишти уюштуруу боюнча бардык чыгымдарды жиберип жаткан Өнөк өзү көтөрөт. 6-берене. Өнөктөрдүн өз ара макулдугу менен бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. 7-берене. Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаштар же кайчы пикирлер болсо Өнөктөр аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет. 8-берене. Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Өнөктөрдүн бири экинчи Өнөктүн аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн баштап 6 (алты) ай өткөнгө чейин колдонулат. Эгерде Өнөктөр башка чечим кабыл алышпаса, бул Меморандумду колдонуунун токтотулушу колдонулуп жаткан жана ишке ашырылган программаларга тиешеси болбойт. 2013-жылдын "__" __________ Бишкек шаарында ар бири кыргыз, немец, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускага кол коюлду. Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болсо Өнөктөр англис тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги үчүн
Австрия Республикасынын Айыл, токой чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарынын федералдык министрлиги үчүн
________________________________ ______________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.