# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-мартындагы № 82-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-мартындагы № 82-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 82-р
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10172/edition/1147866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-мартындагы № 82-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (07.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209822

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 7-марты № 82-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 544-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Бишкек шаарынын мэриясынын карыздык милдеттенмелер боюнча 2000-жылдын 17-ноябрындагы № 3410 KG, 2004-жылдын 5-июлундагы № 134-04, 2004-жылдын 5-июлундагы № 135-04 жана 2004-жылдын 5-июлундагы № 136-04 мөөнөтү өтүп кеткен карыздарын ушул буйрук чыккан күнгө карата жоюла элек негизги сумманы, мурда салынган пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен реструктураласын, мында капиталдаштырылган сумманы төлөө 2014-жылдын 1-январынан баштап ай сайын бирдей өлчөмдөрдө, пайдалангандык үчүн пайыз салбастан ишке ашырылсын;

- карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууну белгиленген тартипте тариздесин.".

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
