Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Карыз каражатты кайра алуу боюнча карыздык милдеттенмени түзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 28-февралы № 66-б Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 7-декабрындагы № 197 "2012-жылдын 12 - сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен( Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну--ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна 49 600 000 (кырк тогуз миллион алты жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө карыз каражат берсин жана карыз каражатты кайра алуу боюнча карыздык милдеттенмени бир апталык мөөнөттүн ичинде төмөнкүдөй шарттарда түзсүн:
карыз каражатты төлөө мөөнөтү - 25 жыл, анын ичинде 5 жыл жеңилдиктүү мезгил; карыз каражатты пайдалангандык үчүн пайыздык ставка - 1,5 пайыз жылдык, ал иш жүзүндө пайдаланылган негизги суммага салынат; пайыз салынган карыз каражатты төлөөнүн мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 1-февралда жана 1-августта, мында эсептешүү карыз каражатты алган учурдан тартып башталат; төлөө кечиктирилген учурдагы айып - 2,5 пайыз жылдык, ал төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурдан баштап карыз толук төлөнүп бүткөнгө чейин эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруусунда алынган каражаттын максаттуу пайдаланылышына, карыз каражатты салынган пайыздары менен төлөө боюнча карыздык милдеттенменин шарттары төлөөнүн графигине ылайык аткарылышына контролду камсыздасын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.