Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Федералдык бажы кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы протоколдун долбооруна мүмкүн болуучу макулдук берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 3-июлу № 274-б Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Федералдык бажы кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы протоколдун тиркелген долбооруна мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия
Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү
жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
кызматы менен Федералдык бажы кызматынын (Россия
Федерациясы) ортосундагы ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы) (мындан ары - Тараптар), 1995-жылдын 20-январындагы Бажы союзу жөнүндө макулдашууну негиз кылып, үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит болуп өтүп жана Россия Федерациясына ташылып жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, өз ара пайдалуу кызматташуунун зарылдыгын таанып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу ушул Протоколдун Тиркемесинде камтылган жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) каралган тартипте жүргүзүлөт. 2-берене. Тараптар маалымат алмашууну төмөнкү максаттар үчүн жүргүзөт: бажы операцияларын жана бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин санын кыскартуу; тобокелдикти башкаруу системасын колдонуу менен товарлар тууралуу маалыматты талдоонун негизинде товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн формаларын жана методдорун колдонууну азайтуу. 3-берене. Ушул Протоколго ылайык ташылып кирип жаткан товарларды так эмес декларациялоо же декларациялабоого байланышкан Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары бузулганы аныкталган учурда, Тараптардын ар бири ушул Протоколдун колдонуусун мындай бузууларга алып келген себептер жоюлганга чейин токтото алат. 4-берене. Ушул Протоколдун жоболорун аткаруу жана чечмелөө менен байланышкан бардык талаш маселелер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 5-берене. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Протоколго өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 6-берене. Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптардын ар бири ушул Протоколдун колдонуусун экинчи Тарапка бул тууралуу өзүнүн ниетин жазуу түрүндө кабарлоо менен токтотууга укуктуу. Бул учурда ушул Протоколдун колдонуусу аталган кабарлоо алынган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин токтотулат.
________________________ шаарында 2013-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, эки текст бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Федералдык бажы кызматы Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик (Россия Федерациясы) үчүн бажы кызматы үчүн
Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Федералдык бажы кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы протоколго тиркеме
Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына
өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын
жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Тараптардын үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен Россия Федерациясына ташылып жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана мындай товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн жыйынтыктарын алмашуу боюнча функцияларын аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат:
жөнөткөн өлкө - товарларды ташып чыгуу каралган бажы жол-жобосуна ылайык аймагынан товарлар өткөрүлгөн мамлекет; жеткирилүүчү өлкө - Россия Федерациясы; транзиттик өлкө - Кыргыз Республикасы.
3. Ушул Жобонун максаты болуп үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу транзит болгон жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Тараптардын биргелешкен ишин жүргүзүү эсептелет.
Аталган максат транзиттик өлкөнүн бажы органдары тарабынан бажылык тыкыр кароо жана (же) кароо формасындагы бажы контролун (анын ичинде интрузивдик эмес методдорду колдонуу менен) жүргүзүү, анын жыйынтыгы тууралуу так маалыматты электрондук байланыш каналдарын колдонуу менен жеткирилүүчү өлкөнүн бажы органдарына берүү жолу менен ишке ашырылат.
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн, тизмесин Тараптар макулдашкан, Россия Федерациясынын аймагында катталган тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын дарегине жиберилген үчүнчү өлкөлөрдүн товарлары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген учурда Кыргыз Тарап товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан жөнөткөнгө чейин бажы контролунун өткөрүлгөн фактысынын актын түзүү менен жана жүк ордуларына бажылык идентификациялоо каражаттарын коюу менен мындай товарлардын партияларына бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүүнү камсыз кылат.
5. Бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- товарлар ташылып кирген күн;
- эл аралык жүк ташуучу транспорт каражатынын номери жана ал катталган өлкө;
- контейнердин номери;
- товар жөнөтүүчү жана анын дареги;
- товар алуучу жана анын дареги;
- жүк ордуларынын жалпы саны;
- товарлардын брутто салмагы килограмм менен же товарлардын куб метрдеги өлчөмү;
- товарлардын толук сүрөттөлүшү;
- товарлардын таңгагынын саны;
- Шайкештирилген система боюнча же БС ТЭИ БТН боюнча товарлардын классификациялык коду (6 белги);
- товарлардын саны кошумча ченем бирдиктеринде;
- эсеп-фактураларынын жана товар коштоочу коштомо кагаздардын номерлери;
- товарлар жөнөтүлгөн өлкө;
- товарлар жана аларды ташыган транспорт каражаттары тууралуу башка кошумча маалымат;
- товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарынын (пломблардын) саны, номерлери жана башка өзгөчө белгилери.
Бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты орус тилинде түзүлөт жана басылмаларынын үлгүлөрүн Кыргыз тарап Россия Тарапка алдын ала жөнөткөн бажылык идентификациялоо каражаттары (мындан ары - БИК) менен күбөлөндүрүлөт.
6. Бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты катары алар катталган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктары бар жана Тараптар алдына ала макулдашкан уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн товарларды жүктөө алдында инспекциялоонун жүрүшүндө түзүлгөн документ колдонулушу мүмкүн.
Бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты катары ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер колдонулган учурда, алар ушул Жобонун 5-пунктунда келтирилген бардык маалыматтарды камтышы, орус тилине которулушу жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын БИКи менен күбөлөндүрүлүшү керек.
7. Бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан Россия Федерациясынын аймагында катталган тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине жөнөтүлгөндө товарларды коштогон документтердин комплектисине тиркелет.
8. Россия Федерациясынын бажы органдарына товарлар декларацияланган учурда бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты товарларга карата декларацияны берүү менен же декларациялоочу бажы органына товарлар келгендиги тууралуу кабарлоо менен бирге берилет.
Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн бардык маалыматтарды камтыган жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын БИКи менен күбөлөндүрүлгөн, товарларга карата бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүү акты болгон учурда, Россия Федерациясынын бажы органдары тобокелдикти башкаруу тутумун эске алуу менен андай товарларга иш жүзүндө контролдоо жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алат.
9. Россия Федерациясынын бажы органдары тарабынан бажылык тыкыр кароо же бажылык кароо жүргүзүүдө дал келбестиктер табылган учурда бул тууралуу маалымат кандай гана болбосун оперативдүү байланыш каналдарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына кечиктирилбестен берилет.
Тараптар бири-бирине Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлүп жаткан товарларга жана транспорт каражаттарына бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуунун жыйынтыгында алынган маалыматтардын бардык дал келбестиги жөнүндө маалымдашат.
10. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар Тараптар макулдашкан маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн техникалык шарттары менен белгиленген электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
11. Тараптар төмөнкүлөрү аткара турган ыйгарым укуктуу кызмат адамдарын аныктайт:
маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн техникалык шарттарын, коммуникация каражаттарын, маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү технологиясын, ошондой эле маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды иштеп чыгууну жана макулдашууну; товарларды жана транспорт каражаттарын идентификациялоо ыкмаларын аныктоону; маалымат алмашууга жооптууну; ушул Жобонун жоболорун ишке ашырууга байланышкан көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон варианттарын жөнгө салууну. Тараптар бири-бирине ыйгарым укуктуу кызмат адамдардын маалыматтары тууралуу маалымдайт.
12. Ушул Жобону ишке ашыруу максатында бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты электрондук алмашуунун технологиясын иштеп чыгуу үчүн Тараптар негизги технологиялык принциптерди, электрондук маалымат берүү тартибин, маалыматтардын түзүмүн жана форматын, берилип жаткан маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды, конкреттүү товарлар жана транспорт каражаттары менен маалыматтарды идентификациялоо тартибин макулдашат.
Ушул пунктта айтылган маселелер макулдашылгандан кийин Тараптар зарыл болгон уюштуруу жана техникалык иш чараларды өткөрөт жана бири-бирине жазуу түрүндө бажы контролун иш жүзүндө жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты электрондук алмашууну баштоого даяр экендиги тууралуу кабарлашат.
13. Ушул Жобону ишке ашыруу максатында Тараптар консультацияларды өткөрөт жана бири-бирине маалымат алмашуу үчүн зарыл болгон маалыматтык маалымдама материалдарды, анын ичинде электрондук түрдө берет.
14. Тараптар ушул Жобого ылайык алынган маалыматтарды алардын мамлекеттериндеги мыйзамдарында ушул мүнөздөгү жана мазмундагы өздөрүнүн маалыматтары үчүн каралган купуялуулук режими менен камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.