Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорт менен камсыздоо боюнча калкты тейлөө борборлорун уюштуруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 4-июлу № 322-б Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорт менен камсыздоо боюнча калкты тейлөө борборлорун уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен процентсиз бюджеттик ссудаларды төмөнкүлөргө берсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына - 50000000 (элүү миллион) сом өлчөмүндө; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына (мындан ары "Кыргыз почтасы" МИ) - 50000000 (элүү миллион) сом өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Кыргыз почтасы" МИ менен процентсиз бюджеттик ссудаларды кайтарып берүү шарттары боюнча карыздык милдеттенмелерди белгиленген тартипте 3 жылга жеңилдик берүү менен карыздык милдеттенмелерди түзүү датасынан тартып 10 жылдык мөөнөткө түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Кыргыз почтасы" МИ:
- ушул буйруктун 1-пунктунда баяндалган шарттарда карыздык милдеттенмелерге кол коюшсун;
- бюджеттик ссудаларды өз убагында кайтарып берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорт менен камсыздоо боюнча 50 калкты тейлөө борборлорун уюштурууга алынган процентсиз бюджеттик ссудаларды жумшасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 14.05.2013 · № 270 · Күчүн жоготкон