# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 308-б (Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 11-июлунда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча протоколдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 308-б (Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 11-июлунда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча протоколдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 308-р
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10124/edition/532291/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 308-б (Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 11-июлунда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча протоколдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу (21.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209774

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 29-июну № 308-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык) Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү максатында:

1. Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 11-июлунда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

1.1. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 520-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
