# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 307-р
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209773>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10123/edition/532457/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209773.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн бекитилүү боюнча) буйругу (29.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209773

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 29-июну № 307-б Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоого байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигине маалымдасын.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын

экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу

иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин малдын ден соолугу жана ассоциацияларды колдоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламент жана стандарт боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
