# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 278-б (Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото- жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун программалык-аппарат комплексин ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга тендер өткөрүүнүн шарттары бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 278-б (Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото- жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун программалык-аппарат комплексин ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга тендер өткөрүүнүн шарттары бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 278-р
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10095/edition/531964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 278-б (Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото- жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун программалык-аппарат комплексин ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга тендер өткөрүүнүн шарттары бекитүү боюнча) буйругу (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209745

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 18-июну № 278-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралар планынын 90 жана 91-пункттарын ишке ашыруу максатында:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото- жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун программалык-аппарат комплексин ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга тендер өткөрүүнүн шарттары (мындан ары - Шарттар) 1-тиркемеге ылайык;

- тендер өткөрүү боюнча комиссиянын курамы (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык.

2. Комиссия белгиленген тартипте техникалык тапшырмалардын жана Шарттардын негизинде Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото- жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун программалык-аппарат комплексин ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга тендер (мындан ары - тендер) өткөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:

- тендердин компания-жеңүүчүсү менен макулдашуу түзсүн;

- Шарттарга ылайык тендердин компания-жеңүүчүсүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу механизмин аныктоо боюнча токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

1-тиркеме

Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол

(Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото-

жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун

программалык-аппарат комплексин киргизүү боюнча

долбоорду ишке киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында

кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү

электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке

ашырууга тендер өткөрүүнүн

ШАРТТАРЫ

1. Финансылык шарттар:

- долбоор боюнча бардык финансылык чыгымдарды макулдашууга ылайык тендердин компания-жеңүүчүсү тартат;

- тендердин компания-жеңүүчүсүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу жана пайдасынын нормалары белгиленген тартипте макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин бузууга администрациялык айыптан түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Макулдашуунун мөөнөттөрүнө карата шарттар:

- тендердин компания-жеңүүчүсү төмөнкү мөөнөттөргө ылайык долбоорду этап-этабы менен ишке киргизүүгө милдеттенет:

1) Бишкек ш.: 2012-жылдын августу - 2013-жылдын январы (2012-жылдын 20-августуна чейин - 400дөн кем эмес видеокамераларды орнотуу, 2013-жылдын 31-январына чейин - Бишкек ш. орнотууларды аяктоо);

2) Ош ш.: 2012-жылдын августу - 2013-жылдын марты;

3) "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолу (түндүк жээктери боюнча): 2012-жылдын августу - 2013-жылдын майы (Боом капчыгайында автожолду реконструкциялоону аяктоо мөөнөттөрүн эске алуу менен өзгөрүп кетиши мүмкүн);

4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борбору: 2012-жылдын июль - октябры;

- тендердин компания-жеңүүчүсү макулдашууларга ылайык Бишкек, Ош шаарларына жана "Бишкек-Каракол (Ысык-Көл облусу)" автожолуна видеобайкоо, фото- жана видеофиксация, фото- жана видео таануунун программалык-аппарат комплексин ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борбору боюнча долбоорду ишке киргизүүнү аяктагандан кийин аталган материалдык-техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө милдеттенет.

3. Башка шарттар:

- тендердин компания-жеңүүчүсү сунуштаган долбоор аны жактырууга жана кол коюлганга чейин милдеттүү түрдө аудиттен өткөрүлүшү керек;

- тендердик тандоону өткөрүүдө, эгер алар Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу болсо, техникалык тапшырмалардын жана Шарттардын талаптарын толуктоочу тендердин катышуучуларынын альтернативдүү сунуштары эске алынат;

- тендердик тандоону өткөрүүдө артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат: мөөнөтү, сапаты, баасы, жаңы технологиялар, практикада ыңгайлуулугу, Кыргыз Республикасы үчүн эң чоң пайда берээри.

4. Тендердин катышуучуларына талаптар:

- чет мамлекеттердин ири шаарларында ушундай долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы;

- мамлекеттик органдар менен иштөө тажрыйбасы;

- акыркы 2 (эки) жылда 50000000 сомдон кем эмес суммада жеткирүү көлөмү;

- долбоорду ишке ашырууда 70%тен кем эмес ата мекендик эмгек ресурстарын пайдалануу.

2-тиркеме

Тендердик комиссиянын

КУРАМЫ

Алымбеков Б.М. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, тендердик комиссиянын төрагасы; Абдыжалиев Б.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн сектор башчысы, тендердик комиссиянын төрагасынын орун басары; Шайназаров Т.У. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Бекешев Д.Д. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Мурашев Н.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Эрматов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгынын коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик органдарды координациялоо боюнча сектор башчысы (макулдашуу боюнча); Абдиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелер боюнча сектор башчысы; Эржигитов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти; Усубалиев А.З. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борборунун начальниги; Бообеков А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын ыкчам-техникалык иш-чаралар башкармалыгынын начальниги; Мороз О.Н. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жол-кайгуул кызматы бөлүмүнүн начальниги; Сулайманов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын бөлүм начальниги; Бийбосунов А.К. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери; Айбашев Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын ыкчам-техникалык камсыздоо жана киберкоркунучка каршы аракеттенүү бөлүмүнүн оперкызматкери; Мамасыдыков Н. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкы башкармалыгынын башкы адиси; Максүтов Н. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин инвестициялар саясаты жана илгерилетүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы; Баткулов М. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Зимин И.Н. - И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Электроника жана телекоммуникациялар институтунун телекоммуникациялар кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); Скаргина Е.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын сатып алуулар жана азык-түлүк-чарбалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы инспектору, тендердик комиссиянын катчысы.
