# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 270-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 156-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 270-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 156-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 270-р
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10087/edition/531948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 270-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 156-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (13.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209737

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 13-июну № 270-б 2012-жылы республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 156-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- дизелдик отунду товардык кредит түрүндө алуучу чарбакер субъекттер менен аны 2012-жылдын 1-ноябрына чейин, аны төлөөнүн адегенде белгиленген мөөнөтүнө - 2010-жылдын 1-февралына карата колдонулган, 1 литри үчүн 23,10 сом баада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кайра төлөө шартындагы кредиттик келишимдерди.";

- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
