# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 269-б (Аштык буудай данын ташууну жүргүзү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 269-б (Аштык буудай данын ташууну жүргүзү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 269-р
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10086/edition/531946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 269-б (Аштык буудай данын ташууну жүргүзү боюнча) буйругу (13.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209736

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 13-июну № 269-б "Токмок Дан" жоопкерчилиги чектелген коомунун - мамлекеттик резервдеги аштык буудай данын жооптуу сактоочунун менчик ээси алмашкандыгына байланыштуу жана "Дан" мамлекеттик ишканасын колдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- "Токмок Дан" жоопкерчилиги чектелген коомунда сактоодо турган 1423,8 тонна өлчөмүндөгү аштык буудай данын "Дан" мамлекеттик ишканасына ташууну жүргүзсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2012-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен аштык буудай данын ташуу менен байланышкан чыгымдарды жабууну жүргүзсүн;

- аштык буудай данын ташуу боюнча транспорттук кызматтарды мыйзамда белгиленген тартипте сатып алсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
