# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 265-р
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10083/edition/565914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу (25.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209733

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-июну № 265-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси бул буйруктун тиркемесиндеги редакцияга ылайык берилсин;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:

3-пункттагы "төраганын орун басары" деген сөздөр "төраганын орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен кабыл алынган чечимдердин жана пландаштырылган иштердин аткарылганы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментине беришет."; 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме

"Тиркеме

Туристтик тармакты

өнүктүрүү боюнча ведомстволор

аралык комиссиянын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин бөлүм начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Реслубликасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин колбашчысынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Бирикмелерге негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Жибек жолу Туризм ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ишкерлер союзунун Туризм боюнча кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Мейманканалык жана ресторандык бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын жөө туризм союзунун президенти (макулдашуу боюнча); "Билим берүү мекемелер союзу" ассоциациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча).".
