Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-июну № 258-б (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 402-б, 2014-жылдын 29-октябрындагы № 477-б буйруктарынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын алардын профили боюнча иштөө предметине инвентаризациялоо жана мамлекеттик жана муниципалдык органдар, мекемелер жана уюмдар жайгашкан мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн:
Талиева К.А.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Үсеналиева Н.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кендирбаева Д.Ш.
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кожошев А.О.
-
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Эшенкулова Н.А.
-
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Чаргынов К.С.
-
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Муратов А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Бусурманкулов Э.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Жуков М.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Теңизбаева Э.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Тезекбаев М.Т.
-
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
Тагаева Г.А.
-
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия эки 2015-жылдын аягына чейинКыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын алардын профили боюнча иштөө предметине инвентаризациялоо жана мамлекеттик жана муниципалдык органдар, мекемелер жана уюмдар жайгашкан мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча тикелей арналышы боюнча колдонулбаган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын андан ары пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосун киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте зарыл учурда иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын
инвентаризациялоо жана мурунку мектепке чейинки билим берүү
уюмдарынын имараттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо
жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
курамы
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Кьфгыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын торагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги; Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө"…Постановление · 26.06.2013 · № 3316-V
- КР КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-октябрындагы № 477-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Распоряжение · 29.10.2014 · № 477-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 402-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.09.2013 · № 402-р · Күчүн жоготкон