# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 257-б (Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 257-б (Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 257-р
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209726>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10076/edition/532262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 257-б (Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу (03.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209726

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-июну № 257-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругун ишке ашыруу жана мамлекеттик жана жалпы улуттук иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү максатында:

1. Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) түзүлсүн.

2. Мамлекеттик комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:

Асымбекова Г.Ү. - Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары; Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары; Муратов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы; Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Өмүралиев Т.Б. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).

3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор ага мамлекеттик жана жалпы улуттук иш-чаралардын планын, сценарийин, иш графигин, сарптоолор сметасын даярдоо жана Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизүү функцияларын тапшыруу менен Мамлекеттик комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
