Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын делегациясы бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 2-июну № 251 2012-жылдын 25-26-майында Анкара шаарында (Түркия Республикасы) өтүүчү кредиттик пакетти бөлүп берүү маселелери боюнча Түркия Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Оторбаев Жоомарт Кайыпович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; Байгөнчөков Мирлан Конушбекович(*) - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык жүргүзүлсүн.
3. Командировкалык чыгымдарды тындыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунан 139800 (жүз отуз тогуз миң сегиз жүз) сом бөлүнсүн.
Эскертүү: (*) - командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төлөнөт.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.