# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б (Мамлекеттештирилген объектин өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б (Мамлекеттештирилген объектин өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 245-р
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10065/edition/531179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б (Мамлекеттештирилген объектин өткөрүп берүү боюнча) буйругу (02.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209715

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 2-июну № 245-б Мамлекеттештирилген объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттин кызыкчылыгында аларды андан ары натыйжалуу башкаруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин балансына Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттештирилген объект - "Чатыр-Көл" кинотеатрын өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги:

- белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объектти өз балансына кабыл алсын;

- бир айлык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объектти натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;

- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго мамлекеттештирилген объектти пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымдап турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 36-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон Мамлекеттештирилген объекттердин тизмесинде 16-пункт алып салынсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
