# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б (Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин курамы бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б (Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин курамы бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 237-р
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10057/edition/944062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б (Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин курамы бекитилүү боюнча) буйругу (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209707

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 31-майы № 237-б (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б, 2013-жылдын 10-июнундагы № 241-б 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б, 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) 2012-жылдын 23-мартынын № 198 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу максатында:

1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин (мында ары - Координациялык кеңеш) курамы бекитилсин.

2. Координациялык кеңеш бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын аткаруучу Иш планын иштеп чыгып бекитсин.

Биринчи вице-премьер-министр

А.Карашев

Тиркеме

Кыргыз Республикасында

администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын

ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б, 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-мекен" фракциясынын лидери, Координациялык кеңештин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча); көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
