Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин курамы бекитилүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 18 апреля 2019 года N 107-р (Об образовании Координационного совета по подготовке и проведению административно-территориальной реформы Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-10.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 31-майы № 237-б (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б, 2013-жылдын 10-июнундагы № 241-б 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б, 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) 2012-жылдын 23-мартынын № 198 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу максатында:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин (мында ары - Координациялык кеңеш) курамы бекитилсин.
2. Координациялык кеңеш бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын аткаруучу Иш планын иштеп чыгып бекитсин.
Биринчи вице-премьер-министр
А.Карашев
Тиркеме
Кыргыз Республикасында
администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын
ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б, 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-мекен" фракциясынын лидери, Координациялык кеңештин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча); көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 10.02.2016 · № 50-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 17.01.2012 · № 9-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б (Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө)…Распоряжение · 18.04.2019 · № 107-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 28.04.2014 · № 137-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 241-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 10.06.2013 · № 241-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №198 "Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 23.03.2012 · № 198 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б (Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө)…Распоряжение · 18.04.2019 · № 107-р · Күчүн жоготкон
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.