Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен «De La Rue International Limited» компаниясынын ортосунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS (ТМ) плёнкаларын, 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (Teslin (ТМ) жана Ламинат) даярдоого жана жеткирүүгө түзүлгөн Контрактка № 2 Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 19-февралы № 49-б Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен өз убагында жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен «De La Rue International Limited» компаниясынын ортосунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS (ТМ) плёнкаларын, 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (Teslin (ТМ) жана Ламинат) даярдоого жана жеткирүүгө түзүлгөн Контрактка (мындан ары - Контракт) расмий тилде тиркелген № 2 Кошумча макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Контрактка № 2 Кошумча макулдашуу боюнча төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын жабык эсебинин каражаттарынан жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Контрактка № 2 Кошумча макулдашууга кол коюуда принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.