Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планынын бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 12-февралы № 35-б "2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 273 Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде ишке ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-февралындагы № 35-б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер/иш-чаралар
Жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү
Жооптуу аткаруучулар
Күтүлүүчү жыйынтыктар
1. Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү
1
Жаңы редакциядагы "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун жоболорун талкуулоо
Февраль
ЖЭИКМ
Жаңы редакциядагы "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы
2
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү
Март
ЖЭИКМ
Ийкемдүү иштеген эмгек базарын түзүү үчүн шарттардын түзүлүшү
3
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жөнгө салуучу жоболорду иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
Жыл ичинде
ЖЭИКМ
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө сапаттуу мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлүшү
4
Бюджет чөйрөсүндө иштегендерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү
Жыл ичинде
Министрликтер жана ведомстволор
Бюджет чөйрөсүндө иштегендерге эмгек акы төлөөнүн шарттарынын жакшырышы
2. Эмгектин түзүүчүлүк ролун даңазалоо
5
Республиканын региондорунда түшүм майрамдарын, ата мекендик өндүрүштөгү эл керектөөчү товарлардын көргөзмө-жарманкелерин уюштуруу
Жыл ичинде
Облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Эмгектик жетишкендиктер- ди даңазалоо жана тажрыйба алмашуу
6
Региондун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон иштерман аялдарга урмат көрсөтүү
Март
Облустардагы ЫУӨлөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Иштерман аялдардын, айылдык аялдардын ролун жана кадыр-баркынын жогорулашы
7
Айылдык аялдардын бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоонун алкагында айылдык аялдарга урмат көрсөтүү боюнча облустук жана райондук салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү
Октябрь
Облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
8
Тармактарга карата жана иштин түрдүү чөйрөлөрүндө "Облустун мыкты адиси" конкурстарын өткөрүү
Жыл ичинде
Облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек Ош жана шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Түрдүү кесиптеги адистердин беделинин жана чеберчилигинин жогорулашы
9
Республиканын региондорунун инфратүзүмүн өнүктүрүү, маданий, туристтик жана башка жагымдуулугун өнүктүрүү максатында региондук брэнддерди иштеп чыгуу жана түзүү
Жыл ичинде
Облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек Ош жана шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Региондордун инвестициялык жагымдуулугунун жогорулашы
10
Өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон эмгек ардагерлеринин катышуусунда республиканын билим берүү мекемелеринде жолугушууларды, "тегерек столдорду" өткөрүү
Жыл ичинде
БИМ, ЖЭИКМ
Жаштарды эмгектик тарбиялоо деңгээлинин жогорулашы
11
Кесиптик-техникалык билим берүүнүн жагымдуулугун жогорулатуу максатында "Кесиби боюнча мыкты" кесипкөй чеберчилик сынактарын өткөрүү
Октябрь- ноябрь
БИМ, ЖЭИКМнын алдындагы КТББА, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги окуучулардын санынын өсүшү
12
Кыргызстандын эмгек тарыхына арналган фото көргөзмөлөрдү өткөрүү, репортаждарды жүргүзүү
Жыл ичинде
Министрликтер жана ведомстволор, облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Кыргызстандын эмгек тарыхы тууралуу жаштардын маалымдуулугу- нун жогорулашы
13
Эмгек майрамына арналган маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү
1-май
ККФ (макулдашуу боюнча), облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Эмгек майрамдарынын ролунун жана маанисинин жогорулашы
14
Эмгек ардагерлеринин жана эмгек династияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кесиптик майрамдарды уюштуруу жана өткөрүү
Жыл ичинде
Министрликтер жана ведомстволор, облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, ККФ (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Кесиптерди даңазалоо, кесиптик коомдоштуктар- дын түзүлүшү жана өнүгүшү
15
Эмгек ишинде олуттуу натыйжаларга жетишкен Кыргызстандын жарандарынын сүрөттөрүн маалыматтык такталарга жайгаштыруу
Жыл ичинде
Облустардагы ЫУӨлөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Эмгек адамдарынын кадыр-баркынын, эмгектин жаратмандык ролунун жогорулашы
3. Коопсуздук жана эмгекти коргоо
16
Эмгекти коргоо маселелери боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Жыл ичинде
ЖЭИКМ, ЭТКМИ, ККФ (макулдашуу боюнча)
Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү калктын укуктук сабаттуулугунун жогорулашы
17
Эмгекти коргоо маселелери боюнча чакан жана орто бизнес ишканаларынын жетекчилери жана адистери үчүн тематикалык семинарларды жана окутуунун башка формаларын уюштуруу
Жыл ичинде
ЭТКМИ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча), ККФ (макулдашуу боюнча)
Эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги- нин жогорулашы
18
Эмгек шарттарына жана коргоого, анын ичинде жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган эмгекти коргоо боюнча иш берүүчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышына контролдукту ишке ашыруу
Жыл ичинде
ЭТКМИ, ККФ (макулдашуу боюнча)
Эмгекти коргоого коомдук контролдуктун күчөтүлүшү
19
Эмгекти коргоо боюнча иштерди мыкты уюштурууга сынактарды өткөрүүнү кошкондо Эмгекти коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү
26-апрель
ЭТКМИ, ЖЭИКМ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Эмгекти коргоо жаатында социалдык өнөктөштөрдүн иштеринин координацияла- нышы
20
Өндүрүштөгү кырсыктардан, кесиптик ооруга чалдыгуу коркунучунан камсыздандыруу системасын киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
3-квартал
ЖЭИКМ, Мамфинкөзө- мөл, ЭТКМИ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча), ККФ (макулдашуу боюнча)
Кызматкерлерди өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик ооруга чалдыгуудан милдеттүү социалдык камсыздандыруу- ну киргизүү боюнча сунуштар
4. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү
21
Эмгек мамилелерин тариздөө жана легалдаштыруу, эмгек ишинин процессиндеги эмгек укуктары жана кепилдиктери жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Жыл ичинде
ЖЭИКМ, ЭТКМИ, ККФ (макулдашуу боюнча)
Эмгек мамилелери маселелери боюнча калктын укуктук сабаттуулугунун жогорулашы
22
Татыктуу эмгек маселелери боюнча республикалык конференция өткөрүү
Ноябрь
ЖЭИКМ, министрликтер жана ведомстволор, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча), ККФ (макулдашуу боюнча)
Эмгек базарында учурдагы чакырыктарды эсепке алуу менен социалдык диалогду өнүктүрүү боюнча сунуштардын иштелип чыгышы
23
Социалдык өнөктөштөрдүн катышуусу менен окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн компетенциясын көз карандысыз сертификациялоого өтүүнү ишке ашыруу
Жыл ичинде
ЖЭИКМ, БИМ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Кесиптик билим берүү системасынын экономиканын, бизнестин жана бүтүндөй коомдун суроо-талапта- рына жооп берген кадрларды даярдоонун ийкемдүү, ачык түзүм катары иштеши
24
Ишке орноштуруу маселелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга жана калктын социалдык-аялуу башка категорияларына көмөктөшүү боюнча чараларды активдештирүү
Жыл ичинде
ЖЭИКМ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдардын жана калктын социалдык-аялуу башка категориялары- нын эмгектенүүгө укуктарынын иш жүзүнө ашырылышы
25
Эмгек базарын болжолдоонун комплекстүү механизмин түзүү максатында экономиканын тармактарынын эмгек ресурстарына болгон мүмкүн болуучу керектөөлөрү жөнүндө болжолду иштеп чыгуу
Март
ЖЭИКМ, министрликтер жана ведомстволор, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Өлкөнүн экономикасынын тармактарынын керектөөлөрүнө ылайык адистерди даярдоонун түзүмүнүн жана көлөмүнүн аныкталышы
26
Эмгек базарында талап кылынган кесиптик-техникалык адистиктердин маалыматтар базасын түзүү
4-квартал
БИМ, ЖЭИКМ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Эмгек базарында талап кылынган кесиптик-техни- калык адистиктердин маалыматтар базасынын болушу
27
Республикалык жана региондук "Бош жумуш орундар жарманкесин" өткөрүү
Жыл ичинде
ЖЭИКМ, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча)
Жумушка орноштурулган жарандардын санынын көбөйүшү
28
Баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын билим берүүчү уюмдарында "Ачык эшиктер күндөрүн" өткөрүү
Жыл ичинде
БИМ, ЖЭИКМ
Кесипке багытталган иштердин формаларын кеңейтүү жана өнүктүрүү
29
Иштерман жылынын жыйынтыгы боюнча республикалык конференция уюштуруу жана өткөрүү
Декабрь
ЖЭИКМ
Жыйынтык чыгаруу жана эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө сунуштарды иштеп чыгуу
5. Иштерман жылын өткөрүүнү маалыматтык камсыз кылуу
30
Иштерман жылынын алкагында өткөрүлгөн жана алдыда турган иш-чаралар тууралуу мамлекеттик органдардын расмий сайттарында маалыматтарды жайгаштыруу
Жыл ичинде
Министрликтер жана ведомстволор
Иштерман жылына арналган иш-чараларды маалыматтык чагылдыруу
31
Жалпыга маалымдоо каражаттарында "Иштерман жылы", "Жаратмандар - эмгек адамдары", "Өлкөнү өзүнүн эмгеги менен даңктаган кыргызстандыктар" рубрикаларын жүргүзүү
Жыл ичинде
Министрликтер жана ведомстволор, иш берүүчүлөрдүн бирикмеси (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча)
32
Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуудагы актуалдуу маселелер боюнча пресс-конференцияларды өткөрүү
Квартал сайын
ЖЭИКМ, ККФ (макулдашуу боюнча)
33
Борбордук жана региондук теле- жана радиоберүү каналдарында Иштерман жылына арналган ток-шоу, программаларды, теле- жана радиоберүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү
Жыл ичинде
КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР (макулдашуу боюнча), региондук телерадиостанциялар (макулдашуу боюнча)
34
Республиканын уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын жаш жумушчулары жана адистери жөнүндө "Иштеген жаштар" атайын бөлүмүн жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштыруу
Жыл ичинде
ЖЭИКМ
Иштеген жаштардын ийгиликтери жана жетишкендиктери жөнүндө маалымдуулуктун жогорулашы
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖЭИКМ
-
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги;
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
ЖЭИКМнын алдындагы КТББА
-
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги;
ЭТКМИ
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;
Мамфинкөзөмөл
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
Облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү;
ЖМА
-
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
ККФ
-
Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясы;
КТРК
-
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы;
ЭлТР
-
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы;
ЖМК
-
Жалпыга маалымдоо каражаттар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 273 "2013-жылдын Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.12.2012 · № 273
- О содействии занятости населенияЗакон · 27.07.1998 · № 113 · Күчүн жоготкон