# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 22-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешинин курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 22-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешинин курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 22-р
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209667>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10017/edition/594978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209667.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 22-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешинин курамын бекитүү боюнча) буйругу (14.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209667

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 28-январы № 22-б Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңеши төмөнкү курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча); "Көз карандысыз экологиялык экспертиза" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Товар өндүрүүчүлөр ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
