# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 18-б (Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 18-б (Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 18-р
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10013/edition/532684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 18-б (Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу (25.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209663

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-январы № 18-б Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан алынган 22950 кг көлөмдөгү 1-сорт буудай унун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унду Баткен шаарынан Баткен облусунун Баткен районундагы Чарбак, Божой, Кадамжай районундагы Кара-Шоро жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылдарына жеткирүүнү уюштурсун.

3. Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондорунун жана Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациялары:

- ун берүү үчүн аталган калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдүн санын аныкташсын, ошондой эле ар бир үй-бүлөдөн ун алуучулардын тизмесин түзүшсүн;

- унду кайтарымсыз негизде даректүү таратууну камсыздашсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте каралган чекте зарыл акча каражатын төмөнкүлөргө бөлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна мамлекеттик резервдин запасын толуктоого;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине унду арналган жерине жеткирүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
