Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-январы № 18-б Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан алынган 22950 кг көлөмдөгү 1-сорт буудай унун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унду Баткен шаарынан Баткен облусунун Баткен районундагы Чарбак, Божой, Кадамжай районундагы Кара-Шоро жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылдарына жеткирүүнү уюштурсун.
3. Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондорунун жана Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациялары:
- ун берүү үчүн аталган калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдүн санын аныкташсын, ошондой эле ар бир үй-бүлөдөн ун алуучулардын тизмесин түзүшсүн;
- унду кайтарымсыз негизде даректүү таратууну камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте каралган чекте зарыл акча каражатын төмөнкүлөргө бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна мамлекеттик резервдин запасын толуктоого;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине унду арналган жерине жеткирүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б (2008-2009-жылдарда сактоого коюлган азык-түлүк буудай данынын брондон чыгаруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 16.07.2012 · № 349-р
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 16.07.1999 · № 75 · Күчүн жоготкон