# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 608-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 608-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 608-р
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9993/edition/581306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 608-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу (11.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209643

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябры № 389-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 29-декабры № 608-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө жана кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-пунктта: экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;"; алтынчы абзацтагы "экономикалык жөнгө салуу" деген сөздөр "экономика" деген сөзгө алмаштырылсын; жетинчи абзацтагы "- мамлекеттик башкы санитардык врач" деген сөздөр алып салынсын; сегизинчи жана тогузунчу абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директору;"; жыйырманчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Республикалык Ичүүчү сууну керектөөчүлөр союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча)."; 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
