# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 607-р
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209642>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9992/edition/872550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209642.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу (20.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209642

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 29-декабры № 607-б (КР Өкмөтүнүн 22016-жылдын 10-февралындагы № 50-б, 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 174-б, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча:

"экономикалык жөнгө салуу министри" жана "Экономикалык жөнгө салуу министрлигине" деген сөздөр" тиешелүү түрдө "экономика министри" жана "Экономика министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пунктта:

экинчи абзацтагы "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; алтынчы абзацтагы "милдетин аткаруучу" деген сөздөр алып салынсын; жетинчи абзацтагы "(макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 174-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 335-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пунктта:

экинчи абзацтагы "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; жетинчи абзацтагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын; он төртүнчү абзацтагы "агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү" деген сөздөр "агроөнөр жай комплекси жана экология" деген сөздөргө алмаштырылсын; он бешинчи абзацтагы "реалдуу сектор жана инфраструктура" деген сөздөр "региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн өкүлү;"; 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.".

5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
