# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 604-р
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9989/edition/645260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитүү боюнча) буйругу (19.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209639

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-майы № 213-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 28-декабры № 604-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 «Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө» токтомуна ылайык:

1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш төмөнкү курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөр улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); «Маалымдоо-изилдөө борбору лаборатория катары» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча); «Стандартсертик» жоопкерчилиги чектелген коомунун сертификатташтыруу боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); «Промтестсервистин» сертификациялоо боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча); Сертификатташтыруу органдарын аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин товар таануу жана товарларды экспертизалоо кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

«Манас» Кыргыз-Түрк университетинин тамак-аш инженериясы боюнча лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); «Профмедицина» өкмөттүк эмес уюмунун Жугуштуу ооруларды диагностикалоо лабораторияларынын сапатын контролдоонун республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин стандартташтыруу жана метрология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борборунун өкүлү.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 25-б буйругу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 117-б буйругу.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
