# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 599-р
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9984/edition/700297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209634

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 25-декабры № 599-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- 3-пункттагы «жана монополияга каршы саясат» деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пунктта:

«мамлекеттик комитеттердин,» деген сөздөр алып салынсын; «жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.».

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме

«Тиркеме

Зайым алуучулардын, күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын Курамы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); «Кыргызстандын Банктар союзунун» президенти (макулдашуу боюнча); «Чакан финансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); «Адилетке жол» коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча); «Жалал-Абад колдоо» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
