# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 587-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун үнөмдөлген каражатын мамлекеттик колдоого муктаж болгон жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдөн, интернат-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан никеге турган 35 жаш жубайлар үчүн белек сатып алууга жумшоого уруксат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 587-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун үнөмдөлген каражатын мамлекеттик колдоого муктаж болгон жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдөн, интернат-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан никеге турган 35 жаш жубайлар үчүн белек сатып алууга жумшоого уруксат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 587-р
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9982/edition/532083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 587-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун үнөмдөлген каражатын мамлекеттик колдоого муктаж болгон жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдөн, интернат-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан никеге турган 35 жаш жубайлар үчүн белек сатып алууга жумшоого уруксат берүү боюнча) буйругу (12.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209632

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-декабры № 587-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 148 "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык: Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен мурда бөлүнгөн 20000 (жыйырма миң) сом суммасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун үнөмдөлген каражатын мамлекеттик колдоого муктаж болгон жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдөн, интернат-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан никеге турган 35 жаш жубайлар үчүн белек сатып алууга жумшоого уруксат берилсин.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
