# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-декабрындагы № 593-б (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-декабрындагы № 593-б (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 593-р
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9979/edition/600890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-декабрындагы № 593-б (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругу (16.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209629

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 19-декабры № 593-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругуна редакциясыны ылайык) Кыргыз Республикасына жаратылыш газын жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратууга жол бербөө жана 2012/2013-жылдын жылытуу мезгилинен үзгүлтүксүз өтүүнү камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына төмөнкү шарттарда 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин:

- бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү 2015-жылдын 30-апрели чейин белгиленсин;

ссуда пайызсыз, күрөөлүк камсыздоону тариздөөсүз; төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз өлчөмүндө айып белгиленсин;

- белгиленген тартипте "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кароочу тиешелүү Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругуна редакциясыны ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы:

100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү алынган бюджеттик ссуданы "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карызын тындырууга гана жумшасын;

- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мөөнөттө кайтарып берүүнү камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
